Бүгүн, 21-июнга карата Кыргызстанда дагы 170 адамдан коронавирус илдети табылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.
Жаңы учурлар:
Бишкек шаарынан – 56,
Чүй облусунан – 43,
Ош шаарынан – 14,
Ош облусунан – 22,
Баткен облусунан – 1,
Жалал-Абад облусунан – 19,
Ысык-Көл облусунан – 15,
Өлкө боюнча коронавирус менен ооругандардын жалпы саны 3151.
Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетинен айыккан 30 бейтап ооруканадан чыгарылды. Республика боюнча жалпы 2011 бейтап айыкты.
Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, бул илдеттен дагы 2 бейтап каза тапты. Токмок аймактык ооруканасынан 1 аял, Темир жол ооруканасынан 1 эркек киши. Жалпы коронавирустан каза болгондордун саны 37ге жетти.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ