Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелген үч адам кармалды. Бул тууралуу маалыматты ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алардын айтымында, бүгүн, 23-июнда түндө Павлов жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинен милиция кызматкерлери 30-35 жаштагы эркек кишинин жансыз денесин табышкан. Маркумдун сөөгү тез жардам кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Адам өлтүрүүгө шектүү катары Кулиев жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде 20 жаштагы А.К., 17 жаштагы С.Д., 17 жаштагы Ч.И. кармалды.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана Жаза кодексинин 130-беренесинин “Адам өлтүрүү” боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ