Menu

Карызыңды ким төлөйт, Кыргызстаным?

Бөлүшүү:

Азыркы учурда дүйнөдөгү бардык мамлекеттер карыз алышып, ар кандай долбоорлорду жүзөгө ашырышууда. Атүгүл Америка, Кытай, Германия, Япония өңдүү өнүккөн мамлекеттердин да карыздары көп. Менимче, эл аралык каржы уюмдары же банктар, бай өлкөлөрдүн басымдуу бөлүгү өзүнө пайда болгондо, кур дегенде моралдык жактан өзүнүн бакубаттуулугун көрсөткөн учурда гана карыз беришет.

Эми замандаштарыбызды эле алып көрсөк, азыр жакын тууганың деле жөн гана карыз берип койбойт. Үстүнө үстөгүн кошуп туруп берет. Алган карыздарын, насыяларын төлөй алышпай нечен жүздөгөн жарандарыбыз Россия менен Казакстанда, башка мамлекеттерде кул сыяктуу иштеп жүрүшөт. Карызын төлөй албай банктарга тамын, унаасын, жерин, эмеректерин, малын алдырып коюшкандар толтура. Жүздөгөн иштер аягына чыкпай соттордун кароосунда жатат.
Ал эми Кыргыз Республикасынын карыздары жалпысынан эсептегенде 4 миллиард 139 миллион долларды түзөт. Аны 6,2 млн. калкыбызга бөлө келгенде киши башына 667 долларга барабар экен. Караңыз биз бешиктеги баладан тартып ак сакалы жайкалган абышкага чейин ушунчадан карыз экенбиз. Аны сомго айландырчу болсок, 47800 сомдон ашып жатат. Эми бул карыздарды качан жана не максатта алдык? Алар өз максатына жумшалдыбы? деген суроолор ар бир акыл-эси жайында замандашыбызды терең ойлонтуп, убайымга салса керек. Карыздардын негизги бөлүгүн энергетика, жол куруу тармактарына алганбыз.

Тунгуч президент Аскар Акаевдин тушунда же 15 жылда 1,88 млрд. доллар карыз алсак, Курманбек Бакиевдин мезгилинде ал дагы 730 млн. долларга көбөйдү. Ал эми Роза Отунбаеванын мезгилинде дагы 190 млн. доллар карыз кошулду. Ал эми Алмазбек Атамбаевдин учурунда дагы 1,3 млрд. доллар карыз алдык. Жалпы карыздардын 1,7 млрд. доллары коңшулаш Кытайдын банктарынан алынган. Кыскасы карыздар Кыргызстандын ички дүң продукциясынын 62 пайызына жетип калды. Бул өтө кооптуу көрүнүш. Салыштыруу үчүн сырткы карыздар ирегелеш Өзбекстанда ВВПнын 15, Казакстанда 20, Түркмөнстанда 25 пайызынан ашпайт. Биздеги бул сандар дагы жогорулап кетиши ыктымал. Жогоруда аталган шериктеш өлкөлөрдүн карыздарды төлөө мүмкүнчүлүктөрү бар. Биз кен байлыктарына, саякатчылык тармагына, таза сууларыбызга мактанганыбыз менен, андан жетиштүү пайда көрө албай жатабыз.

Ал эми илгертен экономикабыздын негизги тармагы болгон агрардык сектор бүгүн талкаланып, көргө карай бара жатат. СССРдин учурунда биздин республикада эки миллион тонна дан өндүрүлчү эле. Быйыл болжол боюнча жарым миллион тоннадан ашты. Ички керектөөбүз 1,2 млн. тоннаны түзөт. Союздун мезгилинде кумшекер менен өзүбүздү гана эмес Орто Азияны камсыздай турганбыз. Бүгүн керектөөнүн 20 пайызын да камсыздай албай калдык. Пахта жана күнкарама майы менен да бештен бир бөлүгүн гана камсыздайбыз. Жашылча-жемиш, эт-сүт азыктары менен камсыздай албай, бир бөлүгүн чет жактан ташып келип жатканыбыз уят көрүнүш деп ойлойм. Же окумуштуулардын пикири боюнча, азык-түлүк коопсуздугунда каралган продукциянын тогуз түрүнүн ичинен үчөө менен өзүбүздүн ички керектөөнү толтурат экенбиз. Албетте, айыл чарба министрлигинин жообу даяр; биз жер үлүштөрүн алышкан дыйкан-фермерлерге кеңири эркиндик бергенбиз, алар өздөрүнө пайдалуу гана эгин-тегинди өстүрүп, малды багышат деп айтышат. Анда келечекти болжой албаган, базар баасын көзөмөлдөбөгөн, айылдыктарга өз убагында керектүү күйүүчү майлар менен техникаларды, жер семирткичтерди жеткирип бере албаган, кеп-кеңешин көрсөтпөгөн мындай министрликтин кереги барбы деген мыйзамдуу суроо туулат. Менимче, биздин министрлик өлкөбүздө канча аянтка кандай өсүмдүк эгилерин так билбесе деле керек. Канчалаган жер аянттары эгилбей кысыр калганын иликтебесе керек!

Карыздарга кайрадан кайрылалы. 2012-жылы Кыргызстандын сырткы карызын жеңилдетүүгө бюджеттен 4,3 млрд. сом төлөнгөн. Быйыл бул көрсөткүч 13 млрд. сомдон ашат. 2019-жылы 15,8 млрд. сом, 2020-жылы 17,7 млрд. сом төлөөгө тийишпиз. Эмненин эсебинен, кантип төлөйбүз?! Баш катырма ушунда турат. Же бир дурустап иштеп жаткан завод-фабрикаларыбыз болбосо. Алтын кендериндеги чыр-чатактар бүтпөй койду. Мындай кооптуу учурда тейлөө кызматынын бааларын жогорулатуу дагы бир революцияга алып келиши мүмкүн.

Өлкөбүздүн ички дүң продукциясынын көлөмү 21 млрд. долларды түзөт. Салыштырып көрөлү, бул аянты Ош областындай болгон боордош Армениянын көрсөткүчүнөн да төмөн. Жылдык экспорттун көрсөткүчү 1,9 млрд. доллар болсо, импорт 5,7 млрд. доллардан ашты. Бюджеттик кызматкерлердин саны эки жүз миңден көбүрөөк. Ушундай оор шартта турганда Кыргыз Республикасынын мойнунда турган жети область менен 40 районду, 16 министрлик менен 11 мамлекеттик кызматты, 7 мамлекеттик агенттикти кармап туруунун зарылдыгын кайрадан ойлоп көрбөйлүбү! Мына, Бишкек шаарына төрт райондун, алардагы ички структуралардын кереги канчалык? Саны алты жүздөн ашкан айыл өкмөттөрүнүн басымдуу бөлүгү мамлекеттик дотацияда отурушат. Аларды кур дегенде жарымына кыскартып көрбөйлүбү! Райондорду да бириктирип, аймактарды түзсөк оң болбос бекен? Мындай сунуштар буга чейин деле далай жолу айтылып келген. Бирок чечкиндүүлүк менен ишке ашырган президент чыкпады. Эми коррупцияга каршы чечкиндүү күрөш баштаган Сооронбай Шарипович артыкбаш чыгымдарды кыскартууну эртелетсе оң болор эле. Парламентте, өкүмөттүн, президенттин аппаратында канчалаган артыкбаш структуралар бар экенин танууга болбостур.

Алган карыздарыбызды эстеп көрсөк, бир кезде жакырчылыкты жоюп салабыз деп опурулган экенбиз. Жакырчылык жоюлган жок. Четки райондордогу айыл-кыштактарды аралап көрсөңүз, азыр деле жүздөгөн эшигине тактай кагылып Россияга миграцияга тентип кетишкен балдардын үйлөрүн учуратасыз. Дүңгүрөтө той бергендер саналуу гана адамдар. Алардын бир бөлүгү арамдык менен пул таап көбүшкөн жетекчилер, башчылар, бажы, салык, орган кызматкерлери деп ойлойм. Бирин-серин байлардын, олигархтардын тойлорун көрүп алып Кыргызстан бай өлкө турбайбы деген жаңылыш пикир. Бүгүн жашоосун чет жакада бир пияла чай, курук нан менен өткөргөндөр толтура. Ишенбесеңер, крутой машиналарда эмес, дербиш сыңары пияда эл аралап көргүлө.

Жер-жерлердеги айыл өкмөттөрү карапайым калкка жардам бере албай жатышат. Анткени, алардын казынасында акча аз. Айрымдары жер сатып комиссия тосуу менен гана шугулданып калышты. Жемкорлукка каршы күрөштүн элетке жетпей жатканы абдан өкүнүчтүү. Экинчиден жаңы бийликтин тушунда кармалып миллиондорду сугунуп ийген министрлер менен башка жетекчилердин, укук коргоо кызматкерлеринин ишин тезирээк карап, керек болсо, жеген-ичкенин далилдеп кустуруп, түрмөгө тыксак, бийликтин кадыр-баркы өсөр беле! Болбосо, алардын тергөө, соттоо иштеринин созулушу эл арасында бүдөмүк ойлорду, ушак-айыңдарды пайда кылып, бийлик башчыларынын, укук коргоо органдарынын аброюна шек келтирет экен.

Түрмөгө камалган кылмышкерлердин артынан аларга табакташ, пикирлеш болушуп чогуу жешкен көмүскөдөгү кишилер да бар деп ойлоймун. Сүйүктүү Кыргызстанымдын карызын өзүбүз гана төлөйбүз. Башка банктардан алып, мурунку насыянын ордун жабууга болбой калды. Эл аралык кырдаалды тыкырлык менен көзөмөлдөп жаткан уюмдардын иликтөөсү боюнча, Кыргызстан насыяларды төлөө мүмкүнчүлүгү аз өлкөөрдүн катарына кошулду. Төлөй албаган мамлекетке ким карыз бергиси келет?! Бириккен Улуттар Уюмунун Адамзатты өнүктүрүүнү изилдөөлөрү боюнча биздин өлкө дүйнөдөгү 189 мамлекеттин ичинен 122 орунда турабыз. Же Салвадор менен Марокконун ортосунда. Кыргызстандагы орточо жашоо узактыгы 71 жашты, ар бир кишиге өндүрүм 2000 долларды араң түзөт экен. Салыштыруу үчүн Россия 49-орунда, Казакстан 58-орунда турат. Биринчи орунду ээлген Норвегияда орточо жашоо 82 жылды түзүп, жылдык киреше бир адамга 68 миң доллардан ашат. Жогорку көрсөткүчтөргө Түндүк Европанын жана Түштүк Чыгыш Азиянын өлкөлөрү чыгышкан. Мына кимге теңелсек болот! Биз коңшулаш Тажикстандан гана алдыдабыз деп айта алабыз. Менимче биздин жашоо деңгээлибизди ушундайча гана баалаган туура болот.

Алдыда кычыраган кыш мезгили кылычын көтөрө кирип келди. Быйыл Бишкек ТЭЦиндеги абал кандай болду экен? Жер-жерлердеги карыялардын, оорукчандар менен майыптардын, мугалимдер менен врачтардын, маданият кызматкерлеринин акыбалын сураган жан барбы?! Мамлекеттин кубаттуулугу анын аскерий күчтөрүнөн гана эмес аялдардын жүзүнөн байкалат. Бардык түйшүктөрдү аялзаты көтөрөт эмеспи. Ошондуктан жергебизде ынтымакчылык, тынчтык болуп, Кудайым жетекчилерибизге ынсап, жаштарыбызга ыйман берсе экен? Биз да бир кезде өнүккөн Кыргызстанды көрөлү!

Автор: Адылжан Жажанов

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 15 = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: