Бүйүр кызыткан кеп эмес бекен? Агезде Өмүрбек Бабанов премьер-министр, Акылбек Жапаров каржы министри. Экөө президент Алмазбек Атамбаевдин кабинетинен чырлаша кетишет. Сөздөн-сөз чыгып, талашып-тартышып, аягында А.Жапаров папкеси менен Ө.Бабановду башка бир чабат. Мушташа кетишет. Кантсе да Өмүрчик жаш, шамдагай эмеспи, чыканактай Акылбекти баса жыгылып, башка-көзгө тепкилеп баштаганда Алмазбек Шаршенович мамлекеттик күзөттүн балдарын чакырып, ажыратып коюптур. Кызыгы, кийин президент менен Туйгунаалы Абдраимов чай ичип калышат. Анан Атамбаев тамаша-чынга салып: «Ту-уй досум, мен бекер кылыптырмын! Ошондо Бабанов менен Жапаровду ажыраштырбай эле тим койсом болмок да. Бири өлмөк, экинчиси түрмөгө кетмек. Экөөнөн тең кутулмак экенмин» деп жылмайыптыр.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ