Menu

Май айында мигранттар Кыргызстанга 165,3 миллион доллар которушкан

Бөлүшүү:

Май айында мигранттар Кыргызстанга 165,3 миллион доллар которушкан, бул апрель айындагыга караганда эки эсе көп. Мындай маалыматты өлкөнүн Улуттук банкы айтат.

2019-жылдын май айына салыштырмалуу бул көрсөткүч 29 миллион долларга же 15 пайызга азайган. Эгерде май айында которуулардын көлөмүн өткөн жылдын декабрь айындагы маалыматтар менен салыштырып көрсөк, анда 49,6 миллион долларга же 23 пайызга азайган.

2020-жылдын беш айында республикага 699,32 миллион доллар которулган. Которуулардын 90 пайыздан көбү же 679,77 миллион доллар Россиядан келет. Дагы 9,11 миллион доллар башка мамлекеттерден, 7,85 миллион доллар АКШдан которулган.

Үстүбүздөгү жылдын беш айынын жыйынтыгы боюнча, каражаттын сыртка чыгышы байкалды – 163,74 миллион доллар. Акчанын көпчүлүгү Россия Федерациясына жөнөтүлдү – 30,6 миллион доллар.

2020-жылдын январь-май айларында Кыргызстанга акча которуулардын таза агымы $516,03 млн түзгөн.

Эске салсак, өткөн жылы республикага акча которуулардын көлөмү 2 миллиард 407 миллион долларды түзгөн. 554,5 миллион доллар Кыргызстандан башка мамлекеттерге которулган. Таза агым – 1 миллиард 852,5 миллион доллар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − 10 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: