Kыргыз мамлекеттик медицина академиясынын медициналык борборунун кызматкери Нурсултан Татыбеков журналисттерге Демилгелүү жаштар борборунун ыктыярчылары алкоголдук интоксикацияга кабылган адамды алып келишкен түнү эмне болгонун айтып берди.
Анын айтымында, саат 23.55те ыктыярчылар ал кишини мекемеге алып келип, кабыл алууну суранышкан.
“Волонтерлор ачууланып, бейтапты кабыл албасак, бизден өч ала турганын айтышып, коркутушту. Бирок, бейтапта пневмония эмес, алкоголдук интоксикация болчу. Акырында ал бейтапты кабыл алууга туура келди,” – деп билдирди Нурсултан Татыбеков.
Анын айтымы боюнча, эркек бейтаптын жүрөгү токтоп калган, бул тууралуу рациядан айтылган. Кабыл алуу пунктунда турган волонтерлор муну угуп калышкан. Бир нече убакыттан кийин бейтапты реанимацияга жаткырышкан жана ал ар кандай жоруктарын көрсөтө баштаган.
“Аны наркология бөлүмүнө милиция кызматкерлери коштоп барышкан. Бирок ошол эле түнү, ыктыярчылар социалдык тармактардагы өзүлөрүнүн баракчаларында бейтаптын өлүмүнө биз күнөөлүүбүз деп жазышкан. Эртең менен ыктыярчы кызга телефон чалып, ал кишинин тирүү экендигин айткам. Бирок баары бир видеотасма жарыяланды,” – дейт Нурсултан Татыбеков.
Буга чейин ыктыярчылар бир кишинин каза болгону тууралуу видео жарыялап, аны оор абалда көчөдөн алып кетишкенин айтышкан. Видеодо София-Айдана Мурзаева ыйлап, “Ак-Өргө” айылынын тургунун ооруканаларда орун жоктугунан улам сактап кала албагандыгын айткан. Бирок, Ички иштер министрлиги ыктыярчынын колунда дем жетпей каза болду деген адам тирүү экенин айтып, алардын айткандарын жокко чыгарды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ