Назарали Арипов БШКнын мүчөсү кызматынан кетти. Бул тууралуу ал бүгүнкү жыйында билдирди.
Анын айтымында, чечим “Республика” саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин коё тургандыгына байланыштуу кабыл алынды.
Эске салсак, парламенттик шайлоого катышуу үчүн документтерди берүү мөөнөтү бүгүн аяктайт.
Шайлоо алдындагы жарышка катышуучулардын так тизмеси 3-сентябрдан кечиктирилбестен жарыяланышы керек. Үгүт иштери 4-сентябрда башталат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ