Бишкекте унаа уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын Патрулдук милиция кызматынын департаментинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 2-сентябрда, саат 20:30да милицияга Тоголок Молдо жана Осипенко көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан унаа жуучу жайдан белгисиз адам арыздануучунун унаасын (Daewoo Lanos) уурдап кетти деген билдирүү түшкөн.
Милиция кызматкерлери унаа тоноого шектелген 26 жаштагы жаранды кармашты.
Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси “Автоунааны уурдоо” боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ