Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Степное айылындагы №7162 шайлоо участогунун жанында “Биримдик” саясий партиясынын баннери илинип турат. Бул тууралуу айыл тургундары журналисттерге билдиришти.
Шайлоо участогунун жанында үгүт материалдарын илүүгө шайлоо мыйзамдары жол бербейт.
Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы “Ата Мекен” партиясынан талапкерге Токмокто маалыматы жок баннерди илгендиги үчүн айып пул салган.
4-октябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өтөт. БШК депутаттыкка талапкерлердин тизмесин бекитти. Парламенттик шайлоого 16 партия ат салышат. Ал эми 4-сентябрдан баштап үгүт иштери башталган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ