Ноокен РИИБдин кызматкерлери санэпид көзөмөл борборунун жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте коронавируска каршы профилактикалык иштерди алып барышууда. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, карантин эрежелеринин сакталуусу, коомдук жайларда жарандардын медициналык каражаттарды колдонуусу текшерилүүдө. Кочкор-Ата шаарындагы базарларда, соода жайларында санитардык талаптардын сакталуусу көзөмөлгө алынып, кетирилген кемчиликтерди жоюу тапшырмалары коюлган.
Район аймагындагы коомдук тамактануучу жайлардын абалы текшерилип, иштөө убактысына чектөөлөр коюлган.
Жарандардын тамактануу учурунда аралыкты сактоосу, ашканалардын кире беришинде антисептикалык каражаттардын болуусу керектиги белгиленген.
Милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарды азыркы кырдаалга кайдыгер карабооого чакырышууда. Жугуштуу илдет күч алып жаткан мезгилде ар бир атуул жоопкерчиликтүү болуп, айтылып жаткан эрежелерди так сактоо зарылдыгы жеткирилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ