Бишкекте Патрулдук милиция кызматынын кызматкерлери зордуктоого шектелген 23 жаштагы баланы кармашты. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымы боюнча, милицияга 2000-жылы туулган кыз келип, аны мас адам зордуктады деп арызданган.
Кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган О.у.Б. анын жанында жүргөн 1998-жылы туулган Т.А жана 1999-жылы туулган К.Н кармалган.
Мындан тышкары, шектүүдөн кара түстөгү белгисиз тапанча алынган. Ошондой эле, кармалгандардын бардыгы мас абалда болгон.
Кармалгандар кошумча тергөө амалдары жүргүзүү үчүн Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинин тергөө кызматына жеткирилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ