31-октябрда Түркия менен Иран Сирия өкмөтүнүн жана оппозиция өкүлдөрүнүн катышуусунда Сочи шаарында сүйлөшүүлөрдү өткөрүү тууралуу Орусиянын сунушун жактырышты. Үч өлкөнүн биргелешкен билдирүүсүндө тараптар 18-ноябрда Батыш өлкөлөрүнүн өкүлдөрүсүз, Сириянын өкмөтү жана оппозициясы менен жолугушуу өткөрүү боюнча макулдашканы айтылат.
Бул жолугушууну өткөрүү сунушу 30-31-октябрь күндөрү Астанада өткөн Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн жетинчи айлампасындагы көрүнүктүү жыйынтыктардын бири болду.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин сайтында аталган сүйлөшүүлөргө чакырылган 33 сириялык уюмдун тизмеси жарыяланды. Алардын арасында буга чейин тынчтык сүйлөшүлөрүнө тартылбаган күрт топтору дагы бар.
Алты жылдан бери уланып келаткан Сириядагы жарандык согушта Орусия менен Иран президент Башар Асаддын өкмөтүн, ал эми Түркия бир катар куралдуу оппозициячыл топторду колдоп келет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ