Menu

Канатбек Исаевдин иши 2-ноябрга жылды

Бөлүшүү:

Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кецештин депутаты, “Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү Канатбек Исаевдин ишин кароону 2-ноябрга жылдырды.

Соттук жараяндын жылышына депутатты коргоого жаңы жактоочу кошулуп, иш менен таанышып чыгууга убакыт сураганы себеп болду.

Эеке салса кетсек, УКМКнын тергөө башкармалыгы быйыл май айында Исаевге Кылмыш кодексинин 303-беренесинин (коррупция) негизинде кылмыш ишин козгогон. Исаев Токмок шаарынын мэри болуп иштеп турган учурда муниципалдык жер участогун жеке компанияга берип койгон жана мэриянын башка кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, шаардык бюджеттен каржыланчу автобекеттин курулуш ишин өзүнө караштуу ишканага берген деп айыпталууда.

Мындан сырткары 30-сентябрда “Youtube” порталында “Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү Канатбек Исаев бийликти басып алуу үчүн криминал даярдап жатканы тууралуу үч видео тасма тараган. Анын биринде Канатбек Исаевге окшош адам видео тасма тартып жаткан белгисиз жаранга 5 миң сомдуктардан куралган ири сумманы берип жатканы көрүнөт. Ошол күнү эле УКМК депутат Канатбек Исаевди “бийликти күч менен басып алууга жана төңкөрүш уюштурууга аракеттенмек” деген шек менен кармаган.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: