Россия менен Казакстандын ортосундагы аба каттам калыбына келтирилүүдө. Бул тууралуу Asia in Center телеграмм каналы билдирет.
Маалыматка ылайык, Россия менен Казакстандын ортосундагы учуулар коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча катуу чаралардын сакталышы менен ишке ашат.
Орус өкмөтүнүн басма сөз кызматы бир жуманын ичинде Москвадан Нур-Султанга үч рейс, ал эми Москвадан Алматыга эки рейс жасаларын билдирди.
Кыргызстан ошондой эле Россия менен аба каттамдарынын жыштыгын көбөйтүүнү каалайт. Бул тууралуу буга чейин Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлаган.
Кыргыз тарап бардык санитардык-эпидемиологиялык стандарттарга жана талаптарга ылайык туруктуу каттамдардын санын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранды. Бул Артём Новиков менен Алексей Оверчуктун кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын отурумунда дагы бир жолу айтылды. Бирок эки мамлекеттеги эпидемиологиялык кырдаал турукташкандан кийин гана маселе каралат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ