Белгилүү ырчы Кайрат Примбердиев шайлоо боюнча нааразылыгын ырга салып, “Жетишет” аттуу чыгармасын жазды. Автордук чыгармасын ырчы Инстаграм социалдык тармагындагы баракчасы жүктөгөн.
“Жетишет” автордук чыгарма. Түнү менен уктабай жаздым” – деп жазган ырчы.
Жетишет! Жалганың да, алганың да жетишет!
Жетишет! Эл алдында жагалданганың жетишет,
Жетпейби? Байлыгың да, бийлигиң да жетпейби?
Сезбейби? Карапайым кыйналганын сезбейби?
Чечпейби? Эл көйгөйүн чече алчулар чечпейби
Кетпейби? Же болбосо чече албаса кетпейби
Жетишет! Шайлоо алдында акча алганың жетишет
Келечек, арзан баага кеткени да жетишет…” – деп ырдаган Кайрат Примбердиев буга чейинки шайлоо убагындагы кемчиликтерге токтолуп, эми жети өлчөп бир кесүүгө мезгил келгенин айтты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ