Пара менен кармалган Биринчи май райондук сотунун судьясы Максат Орозбакованы кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Башкы прокуратурадан Соттор Кеӊешинин алдындагы тартип комиссиясына сунуш түшкөн жок. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы бүгүн, 13-март күнү билдирди.
Алардын айтымында, “Судьялардын статусу жөнүндө” мыйзамынын 30-беренесине ылайык, Башкы прокурор судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Соттор кеӊешинин алдындагы тартип комиссиясынын макулдугун сурап кайрылат.
“Башкы прокурор кылмыш ишинин жагдайларын, судья айыпталган беренесин көрсөтүп, Соттор кеӊешинин алдындагы тартип комиссиясына кайрылуу жөнөтүп, кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук сурайт. Азыркы учурда тартип комиссиясына мындай кайрылуу келе элек” – деп айтылат билдирүүдө.
Мындан сырткары, Башкы прокуратура судья Максат Орозобекова “жумушуна чыгып, иш карап жатат” деген маалыматты четке какты.
Белгилей кетсек, күн мурун, 12-мартта Биринчи май райондук сотунун судьясы Максат Орозобекова жарандык ишти оңунан чечип берүү үчүн 2 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ