Бүгүн, 17-ноябрда Бишкектин борборунда милиция кызматкерлери ГУМ соода борборун курчоого алышты. Буга чейин алар соода борборуна келген элдердин бардыгын эвакуациялашкан.
Укук коргоо органдарынын айтымында, имараттын ичинен шектүү желим баштык табылган.
Ал жерде болгон адамдардын билдирүүсү боюнча, соода борборунда жайгашкан “Дос Кредо” банкына бомба коюлган деп болжолдонууда. Маалымат тастыкталууда.
Ошондой эле, милиция жарандардан соода борборунун жанындагы тротуарда баспоону суранат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ