Санкт-Петербургда кыргызстандык мигрант улгайган аялды сүзүп өлтүрдү. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 11-декабрда таң эрте Санкт-Петербург шаарынын Двинская көчөсүндө адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталып, анын натыйжасында 73 жаштагы аял каза болгон.
Пенсионер жөө адамдар өтүүчү тилкенин чегинен кесип өткөн. Натыйжада ал кичи автобустун дөңгөлөктөрүнүн астында калган. Кырсык болгон жерде улгайган аял алган жаракатынан улам көз жумган.
Унааны туура бир жыл мурун Россияга акча табуу үчүн келген 52 жаштагы Кыргызстандын жараны башкарган.
Айдоочуга каршы кылмыш иши козголгон. Азыр ал мигранттар үчүн убактылуу кармоочу жайга камалды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ