1953-жылы туулган Наталья Глуховская дайынсыз жоголуп кетти. Бул тууралуу Коомдук коопсуздук кеңешинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 25-октябрда ал Сокулук айылындагы Фрунзе көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен. Андан кийин ал үйүнө кайтып келген эмес, азыркы убакка дайыны жок.
Белгилери: бою 160-165 см, орто дене түзүлүштөгү, чачы агарган, кыска кыркылган, көздөрү күрөң.
Наталья Глуховская тууралуу маалыматка ээ болгон адамдарды +996 755 074 720, +996 555 230 490 номурларына чалып коюуну суранышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ