Мындан эки ай мурда Кыргызстандагы ЖОЖдордун флагманы аталган (иш жүзүндө коррупция, трайбализм гүлдөгөн) Ж.Баласагын атындагы КМУнун проректору менен башкы бухгалтери ИИМдин 5-башкармалыгынын кызматкерлерине ири суммада пара сунуштагандыгы үчүн кармалган болчу. Алар байкуш студенттердин ата-энелери акыркы уюн сатып төлөгөн окуу акысын бюджетке которбостон, коммерциялык банктар аркылуу айлантып, оңбогон үстөк акча алып турушкандыгы ачыкка чыккан. Натыйжада мамлекеттин казынасына ири суммадагы каражат түшпөй калган. Бирок баарынан кызыгы, ушул “ва-банк” операция тууралуу ректор Ч.Адамкулованын кабары жок болуп чыкты.
Ал азыр да “төө көрдүңбү жок, бээ көрдүңбү жок” болуп иштеп жүрөт. Бул аралыкта университеттин айрым факультеттериннн жетекчилери кайдагы бир практикада жок реформа, инновациялык жетишкендиктерди айтышып, маалымат жыйынын өткөрүшүүдө. Андан көрө алар окуу корпустарынын авариялык абалын, аудитория жетпеген студенттердин залда сандалып жүрүшкөндүгүн, башканы кой, башкы корпустун ажатканасын кантип оңдоо тууралуу айтышса болмок. Чындыгында контракт акчаны айлантуу жана башка коррупциялык көрүнүштөр бул окуу жайда “салтка” айланып калган.
Булак: “Майдан.кж”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ