Бүгүн, 16-сентябрда КР Жогорку Кеңешинин “Ата-Мекен” фракциясы 2010-жылдын 7-апрелиндеги мамлекеттик төңкөрүштөн кийин улутташтырылган Максим Бакиевдин Кой-Таш айылындагы 2,7 гектар жерин Алмаз Атамбаев кандай жолдор менен сатып алып, ал жерге үй салып жатканын талкуулады. Андан сырткары Өмүрбек Текебаев өз сөзүндө Алмаз Атамбаев ондогон гектар жерлерди, заводдор менен ишканаларды Жазуучулар союзунун акчасын пайдаланып приватизация кылып алганын айтты. Ал заводдордун станокторун металлолом кылып сатып жибергенин, ал металлдарды сатып жаткан учурда азыркы Бишкектин мэри Албек Ибраимов ал жерде таразачы болуп иштегенин билдирди.
https://www.youtube.com/watch?v=jjOsJJ1WkOI
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ