Menu

Түркмөнстанда миллион долларга карта ойногон дипломаттар кармалды

Бөлүшүү:

Ашхабадда миллион долларга карта ойногон топ кармалды, алардын арасында дипломаттар дагы бар.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын өз булагы билдиргендей, өткөн аптада Мир-4 кичи районунун жашоочулары түндө чыккан чууну басуу үчүн полиция чакырышкан. Оюнчулар тартип сакчыларына эшикти ачпаган соң, алар каалганы бузуп киришкен.

“Азаттыкка” жашыруун түрдө маалымат берген полиция кызматкеринин айтымында, батирде 20 киши, алардын арасында үч аял болгон. Оюн үчүн бир миллион АКШ долларын коюшкан.

Ишенимдүү булактар кабарлагандай, кумар оюндарын ойногондордун арасында Түркмөнстандын чет өлкөдөгү дипломатиялык миссияларынын өкүлдөрү дагы бар.

Айрым маалыматтар боюнча кармалгандардын басымдуу бөлүгү, анын ичинде дипломаттар бошотулган. Жогорку кызматтагы кээ бир чиновниктердин иши сотко өткөнү кабарланууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − 61 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: