Өзбек ММКларынын кабарлашынча, 7-февралда Ташкент шаарында “Манас” рестораны өрттөнүп кетти. Кырсык болгон жерге жети өрт өчүрүүчү автоунаа барды. Күбөлөр жарылуунун үнүн укканын кабарлашты. Бирок Ташкеттин өрт коопсуздугу башкармалыгы бул маалыматты тастыктаган жок.
“Манас” ресторанында болгон өрттө жабыркагандар жок. Кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.
Бул арада Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги Ташкенттеги “Манас” ресторанынын кыргыз жаранына тиешеси барбы же жокпу, териштирип жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева билдирди:
– 7-февралда Ташкенттеги “Манас” ресторанында жергиликтүү убакыт боюнча болжол менен 10:30да өрт чыкканын биздин элчилик кабарлады. Саат 11:30дарда өрт өчүрүлгөнү да кошо кабарланды. Элчиликтин маалыматына караганда, өрттүн кесепетинен эч ким жабыркаган жок.
Ресторандын интернеттеги расмий сайтында “Манас” арт-ресторанынын коноктору байыркы Кыргызстанга саякатка чөмүлөт, кыргыз ашканасынан, бешбармактан даам тата алат” деп жазылып турат.
https://www.youtube.com/watch?v=Q2emi75O8M8
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
Видео: Узбекстан 24
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ