АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Рол Райан президент Трамптын орусиялык 60 дипломатты өлкөдөн чыгарып, Сиэтлдеги Орусиянын консулдук өкүлчүлүгүн жабуу чечимин колдойт.
Саясатчы мындай кадамды Орусиянын жасаганына “жараша” жооп деп, Британияга тилектештигин билдирди.
Райан дүйшөмбүдө “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Прагадагы кеңсесине келип, “Настоящее время” телеканалына берген интервьюсуна караганда, Орусияга каршы санкцияларды, анын ичинде Владимир Путиндин жакын чөйрөсүнө кирген “олигархтарга” финансылык санкцияларды киргизүүнү колдойт.
Ошол эле маалда орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйдын санкциялар Орусия калкына эмес, Путиндин чөйрөсүнө багытталышы керек деген оюн туура көрөт.
Ал ошондой эле Чехиядагы сапары маалында чех бийлик өкүлдөрү менен орусиялык хакер Евгений Никулинди Прагадан АКШга экстрадициялоону сүйлөшкөнүн билдирди. Москва өз жаранын Орусияга экстрадициялоо аракетин көрүп жатат.
Республикачыл Райан Трамптын администрациясынын Орусияга карата тышкы саясатын Барак Обаманын тушуна салыштырганда катаал деп баалады. Саясатчынын айтымында, Орусия АКШнын жана башка өлкөлөрдөгү демократиялык процесстерге аралашпоосун түшүнүүсү керек.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ