“Моюнга алдык го, КСДП эмне үчүн президенттикке талапкер катары Сооронбай Жээнбековду тандап, сүрөмөлөдү? Анткени бүтүндөй өлкө алсыз, кайратсыз президентти каалап турган”, – деп билдирди кечээ, 29-июлда КСДПнын саясый кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков Next TV телеканалында.
“Бүтүндөй өлкө алсыз, кайратсыз президентти каалаган, анткени алсыз президент 6 жылда эч бир мамлекеттик органдын иштерине кийлигишпейт, парламент, өкмөт, сот системасы күчтөнөт деп ойлоп, мына ушуга басым жасалган. Ошого жараша 2016-жылы Конституция өзгөртүлгөн, ал өзгөртүүлөр боюнча 2018-жылдын 1-январынан тартып өкмөт жана парламент дагы күчтүү болмок. Ошого жараша өтө жумшак, кайратсыз президент бул система менен жакшы жуурулушуп кетмек. Алсыз, колунан эч нерсе келбеген, жетеленме президент мына ушул картинага, көз карашка эң сонун айкалышып калмак. Ал өзү да эч жака аралашпайм, кийлигишпейм деп так убада берип, айтып келген. Биринчи жагынан ал Атамбаевди колдойм деген, экинчи жагынан эч жакка аралашпайм, “туугандуу бийде ыйман жок” , “кимдин көп туугандары болсо ал жаман башкаруучу болот” деп дайыма айтып келген. Бирок баары тескерисинче болду”, – дейт КСДПнын Россиядагы өкүлү Темирлан Султанбеков.
Булак: Кyrgyztoday.кg
Видео : Next TV
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ