Menu

Алия Шагиева Вена шаарына көргөзмөгө чакырылды

Бөлүшүү:

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кызы, сүрөтчү Алия Шагиева Австриянын борбору Венада өтө турган сүрөт көргөзмөсүнө катышат. Анда Шагиевага «Тынчтык жалыны» ассоциациясынын медалы тапшырылат.

Бул тууралуу ал өзү социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. Маалым болгондой, ал буга чейин көргөзмөгө катышуу үчүн уюштуруучуларга өзүнүн эмгектерин жиберген. Ал эми 31-август күнү ага чакыруу каты менен биргеликте 6-сентябрь күнү сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышында атайын медаль тапшырыла турганы маалымдалган. Кошумчалай кетсек, буга чейин Шагиеванын эмгектери Украина жана Кытайда өткөн эл аралык сүрөт көргөзмөлөрүнө коюлган. Алия Шагиева Улуу урматтуу эрцгерцогинянын колунан сыйлык алуу сыймык экендигин жана толкунданып аткандыгын жашырбайт.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 + = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: