Иркутск шаарында кыргызстандык жаран жасалма документтери менен кармалды. Бул тууралуу Россиянын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 4-январдан 10-январга чейин Россиянын Ички иштер министрлигинин башкы башкармалыгынын миграция дирекциясынын кызматкерлери Иркутск шаарында миграция мыйзамдарынын сакталышын текшеришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө укук коргоо кызматкерлери 208 чет элдик жарандын Россияда жүрүшүнүн мыйзамдуулугун текшеришти. Натыйжада, жасалма миграциялык каттоонун алты фактысы аныкталды. 45 административдик протоколду түздү.
Мындан тышкары, 42 жаштагы Кыргызстандын жараны кармалган, ал жасалмага окшош келгендиги тууралуу атайын билдирүү бланкын көрсөткөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ