Бүгүн, 18-январда Бишкектеги маршруттун айрым айдоочулары иш ташташты. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары жазышууда.
Маалыматка ылайык, жүргүнчүлөр унаалардын саны бир аз азайгандыгын белгилешет.
Кечээ айрым айдоочулар иш таштоо жол кирени – 15 сомго чейин көтөрүү талабы менен байланыштуу экендигин билдиришти.
Ошол эле учурда шаардык коомдук транспорт – троллейбустар жана автобустар кадимки режимде иштешет.
Ал арада Бишкек мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгы бүгүн иш таштоо болбой тургандыгын билдирди. Ошол эле учурда, социалдык тармактарда жүргүнчүлөр маршруткалардын азайгандыгын жазышууда. Айрым гана каттамдар иштеп жатышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ