Menu

Тажикстанда 1-февралдан баштап жамаат менен намаз окууга уруксат берилет

Бөлүшүү:

Тажикстандын бийлиги жалпы гигиеналык эрежелерди сактабаган мечиттер жабыларын эскертти. Өлкөдө мечиттер 1-февралдан тартып иштей баштайт.

Бул арада Тажикстандын мечиттеринде жамаат менен намаз окууга кызуу даярдыктар көрүлө баштады: алар антисептиктерди, беткаптарды жана термометрлерди сатып алышууда.

Эпидемиологдор мусулмандарды жеке жана коомдук гигиенаны, ошондой эле аралыкты сактоого, өзгөчө жума намаз учурунда сөзсүз түрдө беткап тагынып жүрүүгө чакырган.

Тажикстанда мечиттер былтыр март айында эки аптага ишин токтотуп, 18-апрелден тартып толугу менен карантинге жабылган. Бийлик жарандарды үйдө намаз окууга чакырган. Өлкөдө 4 миңден ашуун мечит каттоодон өткөн.

Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги соңку 15 күндөн бери өлкөдө коронавирус жуктурган учур каттала элек экенин билдирүүдө. 26-январда тажик президенти Эмомали Рахмон парламентке кайрылып жатып, өлкө вирусту толугу менен жеңгенин жарыялаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: