Кечээ, 28-январда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде Министр Р.Казакбаевдин Түрк академиясынын Президенти Д.Кыдырали менен жолугушуусу болуп өттү, анда түрк тилдүү элдердин ортосундагы илимий-маданий жана гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Министр Түрк Академиясынын Президентине ички саясий кырдаал, өлкөдөгү маанилүү саясий процесстер жөнүндө айтып берди жана Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун инаугурация салтанатына катышуу үчүн келгендиги үчүн ыраазычылык билдирди.
Р.Казакбаев Түрк Академиясынын ишмердүүлүгүнүн түрк тилдүү элдердин ортосундагы маданий жана тарыхый байланыштарды чыңдоо жана боордош руханий интеграция үчүн маанилүү экендигин белгиледи.
Д.Кыдырали Р.Казакбаевге Түрк академиясынын 2020-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жана жетишкендиктери, 2021-жылга белгиленген пландар жана пландаштырылган иш-чаралар жөнүндө маалымат берди. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башчысына академиянын кезектеги “Түрк дүйнөсү: тарыхый жана маданий атлас” аттуу илимий эмгеги тартууланды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ