Бүгүн, 26-февралда СССРдин Эл артисти Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, профессор Токтоналы Сейталиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынан бөлүм башчысы К. Базарбаев, КРнын Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгү, белгилүү коомдук жана маданий ишмерлер, устаттарды жана үй- бүлөөсү катышты.
СССРдин Эл артисти Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, профессор Токтоналы Сейталиев 2021- жылдын 24-февраль күнү узака созулган оорудан улам, 83 жаш курагында дүйнө салган.
Токтоналы Сейталиевдин сөөгү Ала – Арча көрүстөнүнө жерге берилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ