Бүгүн, 13-ноябрда көркөм сүрөт музейинде суу түтүктөрүнүн бири жарылып, музейдин кире беришиндеги залды суу каптады. Бул тууралуу медиа эксперт Елена Баялинова Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
“1974-жылы курулган музейдин имараты капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж жана тешиктерди жамоо үчүн берилген аз өлчөмдөгү акча каалаган натыйжаны бербейт. КР Өкмөтү толугу менен оңдоп-түзөөгө акча жок экендигин айтууда. Анда биз бир күнү баарын жоготуп алабыз!” – деп жазды Елена Баялинова.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ