КРнын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору жаңы редакцияда кабыл алынган «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» КРнын Мыйзамынын 5 жана 41-беренелерине ылайык, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо боюнча КРнын жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан көрсөтүүлүүчү кызматтарды оптималдаштыруу максатында иштелип чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда КР Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Атап айтканда, сунушталган токтом долбоору Мамлекеттик каттоо кызматынын ведомстволук бөлүмдөрүнүн ишин натыйжалуу уюштуруу үчүн, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү оптималдаштыруу, автоматташтыруу жана сапатын жогорулатуу максатында иштелип чыккан.
Ушул токтомдун долбоорун кабыл алуу автоматташтырылган маалыматтык системалар аркылуу жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө, ошондой эле жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоодо жарандарга документтерди топтоо, берүү жана алуу жол-жоболорун жеңилдетүүгө мүмкүндүк берет.
Бүгүнкү күндө белгиленген токтом долбоору Кыргыз Республикасынын ϴкмөтүнүн Регламентинин 56-пунктуна ылайык, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар менен макулдашуу жол-жобосун өтүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ