Кадамжай районунда мыйзамсыз арча кыйган Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Айдаркен, Кызыл-Кыя шаарлары жана Кадамжай району боюнча мамэкотехинспекция тарабынан рейд жүргүзүлүп, Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Таш-Булак жайлоосунан кошуна Өзбекстандын бир жараны кармалды.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Өзбекстандын малдарын багып жүргөн ал адам Таш-Булак жайлоосунда арчаларды мыйзамсыз кыйып, кыйылган арчалардан үй салып жашап жүргөндүгү аныкталып, тийиштүү түрдө иш кагаздар түзүлүп, Кадамжай РИИБ жөнөтүлдү.
Учурда мамлекетке канча зыян келтирилгендиги тастыкталууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ