«Ата Мекен» фракциясынан депутат Айсулуу Мамашова төрөт үйүндө электр жарыгы өчүп, төрөлгөн эгиздердин бири чарчап калганын айтты. Бул тууралуу ал Бишкек жылуулук электр борборунда Жогорку Кеңештин отун-энергетика, кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитетинин көчмө жыйынында билдирди. «№4 төрөт үйүндө эгиздер жарык дүйнөгө келип, электр энергиясы жок болгондуктан аппараттар иштебей, эгиздердин бири чарчап калган окуя болду» деди депутат.
Улуттук энергетикалык холдингдин төрагасы Айбек Калиев бул окуя боюнча маалыматы жоктугун айтты. Ал эми «Түндүкэлектро» ААКсынын башкы директору Искендер Кадыркулов ооруканалардын баары электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздалып жатканын билдирди.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ