Туугандары менен жакындары Абдырахман Ысламович Абжалиевди табышып коюуну суранып, бардык кыргызстандыктарга кайрылып олтурушат.
47 жаштагы Абдырахман үй-бүлөсү менен Москвада жашап, иштейт экен. Жаңы жыл майрамдарында туугандары Кыргызстанга кетип, кайра барышканда, Абыдрахман эч жерде жок болуп чыгат. Туугандары бардык моргдор менен ооруканаларды кыдырып, таппай коюшкан. Акыркы ирет кыргыз жаранын Бабушкинская метро станциясынан көрүшкөн.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ