Маратбек Чолпонкулов “Кыргызалтын” ААК башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирет.
Ал “Кыргызалтын” ААКтын директорлор кеңешинин чечими менен шайланып, эмгек жамаатына тааныштырылганы белгиленди.
Маратбек Чолпонкулов аталган кызматка дайындалганга чейин бир жарым жыл өкмөттүк аппараттын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
Белгилей кетсек, “Кыргызалтын” ААК башкармалыгынын мурунку төрагасы Элмырза Үкүбаев 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Ал алтын өндүрүүчү компаниялардын биринин директорлор кеңешинин мүчөсүн кызматтан алам деген коркутуу менен, эмгек акысынын бир бөлүгүн ага өткөрүп берүүнү талап кылган. Соттун чечими менен ал эки айга УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ