Айтматовдун “Биринчи мугалиминдеги” бир окуяны эстейли. Дүйшөндүн окуучусу Алтынай академик кезинде айылына жаңы мектептин ачылышына келип, төргө отургузулат. Анын сабатын жойгон Дүйшөн унутулуп, төр турмак чакырылган да эмес. Айылдаштарынын мындай тазбайматчылыгына таарынган академик Алтынай Москвага деп кетип калат. “Свежий” министр Түгөлбай Казаков да агасы Аман Токтогуловдун Таласта өткөн 70 жылдык эскерүү иш чарасында Алтынайга окшоп төргө олтургузулду. Агасынын ысмы ыйгарылган облкитепкана да улуу ысымга учкаша калып, уюшулганынын 70 жылдыгын белгилеп жиберди. Бирок Түгөлбай Алтынай болалбады. “Агамдын ысмын китепканага ыйгарууда, “”Барал” деген адабий ийрим түзүүдө, мен Акаев доорунда депутаттыкты Алымбай Султанов менен талашканда таманын тарап чуркаган Жийде Абдымамытова деген менин айылымдын келини кана?” деп эки жагын карап койгонго жараган жок. Шайлообек “абысыны” жазгандай, карайын, көрөйүн эле дейт, бирок таластык тазбайматчылар көрсөтпөй койсо керек. Кыргызда абалтан ушундай – жоону чоролор саят, аты Манаска калат. Азыркынын стили менен айтканда – революцияны патриоттор, шумкарлар жасайт, үзүрүн шылуундар, келемиштер, арс чычкандар көрөт.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ