Жалал-Абад шаарында жаңы муниципалдык унаа базары ушул бейшемби, 25-марттан тартып иштеп баштайт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Алардын айтымында, буга чейин иштеп келген жеке менчик унаа базары ишин токтотот.
“Жаңы базардагы даярдык иштери дээрлик аяктап калды. Базар ишке киргенде алгачкы апталарда акысыз болуп, унаалар үчүн төлөм алынбайт. Андан соң ар бир унаа үчүн атайын белгиленген сумма коюлуп, каражат шаар бюджетине түшөт”, – деп айтылат маалыматта.
Муниципалдык унаа базары Спутник аймактык башкармалыгынын Манас көчөсүндө жайгашкан. Базарга төрт жактан кирүүгө болот.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ