Жерүй алтын кенин иштетип жаткан “Альянс-Алтын” компаниясынын кызматкерлеринин арасында тамак-аштан уулануунун белгилери байкалган жок. Бул тууралуу журналисттерге бүгүн, 23-мартта Талас облустук жугуштуу ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан кабарлашты.
Белгиленгендей, бүгүн Альянс-Алтын компаниясынын 8 кызматкери 20-мартта тапшырган анализдеринин жыйынтыгы чыкты. Жыйынтыгында, тамак-аштан уулануу белгилери байкалган жок, аларда ич өткөк (диарея) болгон.
Белгилей кетсек, 21-мартта «Фейсбук» социалдык тармагынын колдонуучусу Султанбек Аманбеков Жерүй кенинде 18 адам тамакка ууланганын жазган. Ал кызматкерлер жумуштан чыгып калуудан коркуп бул тууралуу айтпай жатканын билдирген.
Бул факт «Санитардык-эпидомиологиялык талаптардын бузулушу» менен электрондук эсепке алуу журналына катталган.
Жерүй кенин иштеткен «Альянс алтын» компаниясы 22-мартта бул тууралуу «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу түшүндүрмө тараткан. Ишкананын маалыматы боюнча, 20-мартта компаниянын медициналык кызматкерлерине ден-соолугуна байланыштуу өзүн начар сезип 15 адам кайрылган. Алардан анализдер алынып Таластын санэпидстанциясына жөнөтүлгөн.
Компания ички иликтөө ишин баштаган. Бүгүнкү күндө кайрылган бейтаптардын абалы канааттандырарлык.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ