Бишкек шаарында коронавирустун жаңы уурлары көбөйө баштагандыктан вице-мэр Айжан Чыныбаеванын тапшырмасы менен борбор калаада санитардык көзөмөл күчөтүлдү. Бул шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.
Белгиленгендей, өткөн суткада Бишкекте коронавирустук инфекциянын 56 жаңы учуру аныкталды, алардын 46сы COVID-19, калгандары пневмония менен ооруп жатышат. 23-мартка карата жалпы аныкталган учурлардын саны 29645 болсо, анын 13089у пневмония.
Шаардык мэрия эпидемиологиялык кырдаал көзөмөлдө экенин, ошентсе да жарандар бири-бирине кам көрүүсү керектигин эскертет.
“Санитардык эрежелерди сактоону унутпаңыдар (беткап кийүү, аралыкты сактоо жана колду антисептик менен тазалоо ж.б.). Сураныч, иммундук системаңызды чыңдап, көнүгүү жасаңыз. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз!”, – деп айтылат маалыматта.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ