14-ноябрда парламент жыйынында депутат Абдывахап Нурбаев (КСДП) мектепке китептердин ордуна планшетке өтүүнү сунуш кылды. Анын айтымында, китептер үчүн кредиттер менен гранттар алынып, ири сумма кетип жатыптыр.
Билим жана илим министри Каныбек Исаков планшеттерге өтүү долбоору бар экенин айтты. “Планшет-китептер менен керектүү медианы киргизүү планыбызда бар”, – деди министр.
Депутат болсо 2020-жылдын бүджетине киргизүүнү сунуштап, “Таасири күчтүү болот”, – деди.
“Мен кечээ Еврокомиссия менен сүйлөштүм. Бул боюнча иштеп жатабыз. Алар мектептерди планшет менен камсыз кылууга жардам беребиз дешти. Ошондо чечилип калар”, – деди өкмөт башчы М.Абылгазиев.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ