Ислам Каримовдун небереси Мариам Тилляева орусиялык блогер Амиран Сардаровго турмушка чыкты. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар жазып чыкты.
Белгиленгендей, эки жаштын үлпөт тою Лас-Вегаста (АКШ) жакындарынын жана досторунун катышуусунда өткөн.
Мариам Америкага болжол менен жети жыл мурун, 14 жашында көчүп келгени кабарланат. Амиран болсо АКШга көчүп барганына аз эле убакыт болгон. Мариам Тилляева жолдошу Амиран Сардаровдон 13 жашка кичүү.
Мариам – Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун небереси (Лола Каримова-Тилляеванын кичүү кызы).
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ