Бүгүн, 15-апрелге карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 305 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 186, Ош – 7,Чүй облусунан – 89, Талас облусунан – 4, Нарын облусунан – 1, Ысык-Көл облусунан – 12, Жалал-Абад облусунан – 4, Баткен облусунан – 2. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 91 144 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 178 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 86 491ге жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 109, Ош шаарынан – 2, Чүй облусунан – 55, Нарын облусунан – 4, Ысык-Көл облусунан – 6, Жалал-Абад облусунан – 1, Баткен облусунан – 1.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор: Бишкек шаарынан – 4, Чүй облусунан – 2. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1540ка жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ