Menu

Ирина Карамушкина №47 колонияда жаткан Алмаз Атамбаевге барып жолугуп келди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 11-декабрда депутат Ирина Карамушкина №47 колонияда жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге барып жолугуп келди. Бул тууралуу эл өкүлү Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, Атамбаев ага алма, мандарин, апельсин берген.

“Ал мага жемиштерди берип жатып “Баары жакшы болот, эң башкысы ден-соолукту, кадимки адамдык мамилелерди жана сезимдерди сактоо! Кудай биз менен!” деп айтты” – деп жазган депутат.

Белгилей кетсек, буга чейин Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев 7-декабрда Биринчи май райондук сотунун судьясы Мирлан Термечиков Атамбаевди №47 колониядан УКМКнын тергөө абагына которуу жөнүндө чечим чыгаргандыгын  билдирген. Карамушкинанын билдирүүсүнөн белгилүү болгондой, 11-декабрга карата Атамбаев 47-колонияда отурат.

Ирина Карамушкина посетила Атамбаева. Он передал из колонии мандарины, апельсины и яблоки

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: