Menu

Нарында алдамчылыкка шектелип УКТнын мүчөсү кармалды

Бөлүшүү:

ИИМдин Үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери алдамчылык жасоого шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарындагы райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматында КЖБРге катталган алдамчылык фактысы боюнча  материал өндүрүштө. Ички иштер органдарына арыз менен ишкер кайрылып, 2019-жылдын март айында олуттуу материалдык чыгым келтирген жаранга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган.

Аныкталгандай, тыбытты өндүрүү шылтоосу менен ишкерден 2 000 000 сом акча каражатын алган соң, өзүнүн милдеттерин аткарбай, өзгөчө ири өлчөмдө материалдык чыгымды келтирген.

Бул факты боюнча тергөөнүн тапшырмасынын алкагында  шектүүнүн кайда жүргөндүгүн аныктоого жана кармоого багытталган ыкчам иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Мындан аркы ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Үчүнчү башкармалыгынын  кызматкерлери Нарын облусунун аймагынан 1983-жылы туулган Б.Н. аттуу жаранды кармашкан. Андан соң кармалган жаранды Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

ИИМдин КМКнын маалыматы боюнча жаран Б.Н. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары  ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Азыркы учурда шектүүнүн кыймыл-аракетинде  макулдашуунун негизинде башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу жана  аны өзүнүн пайдасына коротуу белгилери бар болгондуктан жогорудагы  кылмыш иши  Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүмүнө (Ыйгарылып берилген мүлктү ээлеп алуу же коротуу) өзгөртүлдү.

Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 + = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: