Menu

Нур-Султанда көп балалуу энелер кайра нааразылык акциясына чыгышты

Бөлүшүү:

26-майда Казакстандын баш калаасы Нур-Султан шаарында көп балалуу жана майып балдары бар ондогон энелер нааразылык акциясына чыгышты.

Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигинин алдына чогулган аялдар турак-жай маселелерин чечип берүүнү жана социалдык жөлөк пулду ар бир балага 42 500 теңгеден (100 доллар) белгилөөнү талап кылышты.

Мындан тышкары алар Казакстандын тышкы карызынын көп экенине нааразылык билдирип, бийликти «карыз алуунун ордуна оффшорлордогу каражаттарды кайтарууга» чакырышты.

Казакстандын Улуттук банкынын маалыматына караганда, 2020-жылдын 1-октябрына карата өлкөнүн тышкы карызы 160,9 миллиард долларды түзгөн. Бул ички дүң өнүмдүн 90,7% түзөт.

Чогулгандардын алдына чыккан министрликтин Энелер менен балдардын саламаттыгын коргоо бөлүмүнүн адиси Гүлмира Жакенкызы турак-жай маселесин Эмгек министрлиги чечпей турганын билдирди.

— 42 миң теңгеден жөлөк пул берүү боюнча эч нерсе айта албайм. Азыр өлкөдө 6,2 миллион бала жашайт. Эгер алардын ар бирине 42 500 теңгеден төлөсөк, жылына 3 триллион теңгеден ашып кетет, — деди Жакенкызы.

Анын бул сөзүнө нааразы болгон энелер Казакстан президентинин администрациясынын имаратына барууга аракет кылышты. Бирок алардын жолун милиция кызматкерлери тороп, өткөрүшкөн жок.

Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигинин маалыматына караганда, Казакстанда 440 миң көп балалуу үй-бүлө бар. Алар үчүн өкмөт жөлөк пулдардын 11 түрүн сунуштайт. 2019-жылы кабыл алынган даректүү жардам берүүнүн жаңы механизминде көп балалуу үй-бүлөлөрдөгү балдар үчүн социалдык пакетти кепилдөө, ошондой эле төрт же андан көп эрезеге жете элек баласы бар үй-бүлөлөргө кирешесине карабастан жөлөк пулдарды төлөө каралган. Ага ылайык, бир бала үчүн бериле турган орточо төлөм 10 миң теңгени түзөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: