Menu

Өзбекстанда 6 жаштагы окуучусун сабап өлтүргөн диний мектептин мугалими 7 жылга соттолду

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Сырдарья облустук соту жашыруун иштеген диний мектептин окутуучусу Шерали Ибодовду жети жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Ал былтыр мектептен алган жараатынан улам ооруканада каза болгон 6 жаштагы окуучусун сабаган деп айыпталууда.

Соттон билдиришкендей, соттолуучу Шерали Ибодов жашыруун түрдө «Тарикат» диний агымына таандык кичи медресе ачып, анда билим алган балдарды дайыма сабап келген.

“Өткөн айдагы сот отурумунун жүрүшүндө 6 жаштагы окуучу Ибодовдун ур-токмогунан кийин каза болгондугу тууралуу маалыматтар аныкталган,” – деп билдиришти соттун басма сөз кызматынан.

Былтыр декабрда каза болгон окуучу Мухаммадсадык Абдурахмоновдун жакындары мугалимге карата чыгарылган өкүм менен макул экендиктерин билдиришти.

“Медресенин мугалими Шерали Ибодов сабакты жакшы билбеген балдардын бардыгын сабачу. Ошондуктан анда Мухаммадсадыкты өлтүрүү ниети болгон эмес,” – деди баланын туугандарынын бири.

Күн мурун «Өзбекстан 24» телеканалы «Кичи медреседеги караңгылык» деген тасма көрсөттү. Анда 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында мындай жашыруун иш алып барган 116 мектеп жоюлганы айтылган. Алардын көбүндө жашы жете элек балдар билим алып келишкен.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: