Menu

УКМК: Ирина Карамушкинанын “Курманбек уулу Миржан атайын күч кызматкери тарабынан уруп согуудан каза болду” деп тараткан маалыматы чындыкка дал келбейт

Бөлүшүү:

ЖК депутаты И.Карамушкинанын тараткан “Курманбек уулу Миржан атайын күч кызматкери тарабынан уруп согуудан каза болду” деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Азыркы убакта КР Саламаттыкты сактоо министрлиги Кой-Таш окуясында бир адам, КР УКМК атайын күч кызматынын орун басары каза болгондугун расмий билдирген. Мындан башка Кой-Таштагы окуялардан жабыркагандардын арасында каза болгондор тууралуу факты катталган эмес. 130 ашуун адам ар кандай жаракаттар менен медициналык жардамга кайрылышкан.

Буга байланыштуу, И.Карамушкинанын бул билдирүүсүн далилсиз маалыматтарды жайылтуу аркылуу коомчулукту алдоо катары эсептесек болот. КР жарандарын кызыктырган так жана туура маалыматтарды берүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдар бар.

Ошондой эле, КР УКМК жалган маалыматтарды жайылтууда мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартыларын эскертет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 + = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: