Тажикстандын Хатлон облусундагы Куляб шаарынын башчысы Бахром Иноятзода коррупция айыбы менен камакка алынды. Бул тууралуу 8-июнда өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Тажикстандын «Ховат» улуттук маалымат агенттиги 27-майда алдамчылыкка шектелип мэрдин айдоочусу Хурсандали Хуррамов менен катчысы Фируз Курбанов кармалганын жазды.
«Баштапкы тергөөнүн жүрүшүндө Хуррамов Х.П. менен Курбанов Ф.Д. кылмышка Куляб шаарынын мэри Бахром Иноятзоданын көрсөтмөсү менен барган», — деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.
Иноятзода Куляб шаарынын башына өткөн жылы жазында келген. Ага чейин ал бир катар жетекчилик кызматтарда иштеген.
Тажикстанда калаа мэрлерин президент Эмомали Рахмон түз дайындайт жана аларга карата кылмыш иши өтө сейрек козголот.
Тажик коопсуздук кызматынын билдирүүсүнөн кийин Рахмон өз буйругу менен Абдукодир Вализоданы Куляб шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кылып дайындады.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ